Ссылки доступа

Түндүк Корея баллистикалык ракетасын ийгиликтүү учурганын жарыялады


7-февралдын таңында «Кванмёнсон-4» деп аталган жасалма жандоочусун учурганын Түндүк Кореянын борбордук телеканалы маалымдады.

Ага ылайык, баллистикалык ракета жергиликтүү убакыт менен 9:00дө учурулган. Телеканал аркылуу расмий билдирүүдө бул Түндүк Кореянын илим жана технология жаатындагы жетишкендигинин жыйынтыгы деп айтылды.

Түндүк Корея ракетасын коомчулукка кабарланган мөөнөттөн бир күн мурун учурду. Ракета өлкөнүн батыш жээгиндеги “Сохэ” космодромунан абага кое берилген.

БУУ Баш катчысы Пан Ги Мун ракетанын учурулушун “кооптуу” деп баалап, Пхеньянды эл аралык милдеттенмелерин сактоого жана чагымчыл аракеттерин токтотууга чакырды. Бул аралыкта Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңеши АКШнын, Жапониянын жана Түштүк Кореянын өтүнүчү менен 7-февралда чукул жыйынга чогулмакчы болууда. Анда Түндүк Кореяга карата жаңы санкциялар тууралуу сөз болору айтылууда.

XS
SM
MD
LG