Ссылки доступа

Ислам Каримов: “Кумсалар психикалык жактан жабыркаган адамдар»


Өзбек президенти Ислам Каримов бир жыныстуу мамилени кескин сындап, “батыш маданиятынын саркындысы” деп атады.

Өлкөдө гомосексуализм үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралган. Коомчулукта сексуалдык азчылыктын өкүлдөрү катуу кысымга кабылып келишет.

Акыркы жылдарда кумсаларды сабаган учурлар тартылган видеотасмалар интернетте көп тараган.

Өткөн айда Telegram сайтында милиция кызматкерлери сөгүнүп, аялдын кийимин кийип, боенгон кумса менен анын жанындагыларды уруп жатканы тууралуу видео пайда болгон. Ташкенде тартылган бул видео элге жарыяланып кеткенден кийин айрым жарандар милициянын аракетин гомофобиянын бир түрү катары сыпатташкан. Өзбекстандык блогер Канат Адил кумсаларды уруп-сабоо мыйзамсыз экенин жазып чыккан.

Өзбекстан кумсалык кылмыш катары саналган 70тен ашык мамлекеттин бири. Кылмыш кодексинин 120-беренеси боюнча бул үчүн бир жылдан үч жылга чейин эркиндигин чектөө же абак жазасы берилет.

XS
SM
MD
LG