Ссылки доступа

Ырчы Тамила Өзбекстандан кетпей турганын билдирди


Өзбекстанда Тамила деген ат менен белгилүү болгон эстрада жылдызы Эсмералда Рахматова Facebookтагы баракчасына видеокайрылуу жайгаштырып, Казакстанга жер которду деген маалыматты төгүндөдү.

Ырчы Ташкендин түнкү көчөлөрүндө автоунаасы менен жүргөнүн буга далил катары көрсөттү. Ал Telegram сайтында тараган чуулгандуу видеого тиешеси жоктугун, тергөө анын атайын даярдалганын аныктап чыкканын билдирди. Ошондой эле өзүн колдогондорго ыраазычылыгын айтты.

Буга чейин интернетте Тамила делген аялдын жылаңач денеси тартылган эки видео пайда болгондон кийин “Өзбекнаво” эстрадалык бирикмеси Тамиланын лицензиясын убактылуу токтоткон. Андан соң анын Казакстанга көчүп кетерин жергиликтүү булактар кабарлашкан эле.

XS
SM
MD
LG