Ссылки доступа

Меркел Түркияда качкындар көйгөйүн талкуулайт


Германиянын канцлери Ангела Меркел бүгүн Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган жана премьер-министр Ахмет Давутоглу менен жолугушары күтүлүүдө.

Европа Биримдиги Түркия качкындар үчүн чек араларын ачык кармап турууга милдеттүү экенин, ошол эле маалда Батыш Европадагы качкындар агымына бөгөт коюу зарылдыгын айтууда. Бозгундардын көпчүлүгү Батышка Түркия аркылуу барып жатат.

Брюссель качкындар агымын токтотуу үчүн Анкарага үч миллиард евродон ашык каражат бөлүүнү убада кылган.

Сириянын Алеппо шаарына Орусия жардамдашып жаткан өкмөттүк күчтөрдүн чабуулунан кийин качып чыккан он миңдеген адамдар азыр Түркия менен чектеш аймакта турушат.

Расмий Анкара аларга жардам бериле турганын айтып, азырынча чек арасын ача элек. Буга байланыштуу гуманитардык уюмдар айла кеткен абалга туш болгонун билдиришүүдө.

XS
SM
MD
LG