Ссылки доступа

«Асман алдында» Азиядагы мыкты тасма деп табылды


Кыргызстандык кинорежиссер, сценарист Дальмира Тилепбергенованын «Асман алдында» тасмасы Индиянын Бангалор шаарында өткөн эл аралык кароо-сынакта эки сыйлыкка ээ болду

Кинематографияны өнүктүрүү фонду кабарлагандай, аталган тасма “Азиянын мыкты фильми” деп табылып, НЕТПАК уюмунун (азиялык тасмаларды жайылтуу боюнча түйүн) сыйлыгын да жеңип алды.

«Асман алдында» тасмасында Тоораттагы Каин жана Авел тууралуу баян негиз катары алынып, анын заманбап версиясы Борбор Азиянын тоолуу айылында кайталанат. Керим жана Аман деген өзүмчүл жана жөнөкөй бир туугандар, алардын бири-бирине болгон мамилеси чагылдырылат. Эки бир туугандын татаал мамилеси, алардын энесине жана жана жөнөкөй кыз Салтанатка болгон сүйүүсү баяндалат. Уулдардын кичүүсү Аман өз сезимдерин жашырса, агасы Керим өзүн гана ойлойт. Фильмде сүйүү, жоготуулар, чыккынчылык жана ата-бабалардан калган үрп-адаттын сакталышы көрсөтүлгөн.

“Асман алдында” өткөн жылы Канададагы кинофестивалда дүйнө коомчулугунун сынына коюлуп, калыстар тобунун атайын сыйлыгы берилген. Андан соң Индиядагы Азия фильмдеринин сегизинчи эл аралык фестивалына тандалып алынган.

XS
SM
MD
LG