Ссылки доступа

Тажикстанда уюлдук байланыш менен интернет колдонгондор азайды


Өлкөнүн Байланыш кызматы билдиргендей, уюлдук байланыш менен интернет колдонгондордун саны кыскарды.

Уюлдук байланышты пайдалангандар 1 миллион 200 миңге, интернет колдонуучулар 800 миңге азайган.

Байланыш кызматынын жетекчисинин орун басары Татьяна Холмуродова учурда чөнтөк телефон жана кабелдик интернетти 3 миллионго жакын адам колдонуп жатканын кабарлады. Тажикстанда 11 миллиондон ашык сим-карта бар болгону менен, уюлдук байланыш аркылуу интернетти пайдалангандар 5 миллионов 200 миңди гана түзөт. Өткөн жылы алардын саны 6 миллион 400 миң болчу.

Мындай абалга экономикалык каатчылык таасир этип жатканы айтылууда.

XS
SM
MD
LG