Ссылки доступа

Баткенде кармалган тажик журналисти бошотулду


Кыргыз-тажик чегиндеги Максат айылында эртең менен кармалган тажик журналисти - "Азаттыктын" тажик кызматынын Согди облусундагы кабарчысы Масум Имамов бүгүн кечке жуук бошотулуп, тажик чек арасына жеткирилгенин Кыргызстандын чек ара кызматынан кабарлашты.

Аталган кызматтын маалымат катчысы Гүлмира Бөрүбаеванын айтымында, чек араны бузуп өткөн журналист менен сүйлөшүү жүргүзүлүп, протокол түзүлдү.

Журналист Масум Имамов "Азаттыктын" тажик кызматына ал жердеги чек арада эч кандай белги болбогонун, ал Кыргызстандын желеги сайылган үйлөр боюнча репортаж жасаганы бараткан учурда кыргыз чек арачылары тарабынан кармалганын, бирок ал "чек араны бузду" деген күнөөнү мойнуна албасын жана андай ою да болбогонун билдирди. Тажик кабарчысы Кыргызстанда 8 сааттай кармалып турган.

Мунун алдында кыргыз чек арачылары чек арадагы Максат айылындагы үйгө кыргыз желегин илиши кошуналардын нааразылыгын туудуруп, тажик тарап чек арачылар тажикстандыктарга тиешелүү үйгө желек сайып койгонун айтып чыгышкан.

Кыргызстандын чек ара кызматы ал үй кыргызстандык жаранга таандык экенин, тажикстандыктар тек гана ижарада турганын билдирүүдө. 1958-59-жылдардагы карта боюнча ал үй жайгашкан жер Кыргызстанга таандык жана мамлекеттик каттоого алынган.

XS
SM
MD
LG