Ссылки доступа

Казакстан Иранга эт азыктарын экспорттойт


Тегеранга барган казак делегациясы эки өлкөнүн соода-экономикалык алакасын жакшыртуу маселелерин талкуулоодо.

Бул - Иран эл аралык санкциялардан бошотулгандан кийинки тараптардын биринчи соода миссиясы.

Ирандын бийлиги казак делегациясынын сапары менен соода-экономикалык кызматташтык күчөтүлө турганын белгиледи. Казакстандын өкүлдөрү эт азыктарын экспорттоо маселесин кабыргасынан койду. Иран тарап казакстандык компанияларга Перс булуңундагы портторду өнүктүрүү боюнча кызматташууну сунуштады.

Казак делегациясы министрлик, акимчилик жана бизнес өкүлдөрүнөн турат. 250 адам кирген курамды Өнүктүрүү жана инвестициялар боюнча министр Асет Исекешев жетектейт.

Сүйлөшүүлөрдүн алкагында Казактандан Иранга эт экспорттоо боюнча келишимге кол коюлду. Азыр Казакстанда казак-иран биргелешкен 160 ишкана бар.

XS
SM
MD
LG