Ссылки доступа

Орусияда теракт жасоого шектелген топ кармалды


Федералдык коопсуздук кызматы Орусия аймагында теракт жасоого шектелген "Ислам мамлекети" экстремисттик тобунун 7 мүчөсү Екатеринбург шаарынан кармалганын билдирди.

Орусия жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн жарандарынан турган бул топ 7-февралда кармалганы белгилүү болду.

Маалыматка караганда, алар колдо жасалган жардыргыч заттарды колдонуу менен Москва, Санкт-Петербург шаарларында жана Свердлов облусунун аймагында ири террордук чабуулдарды жасоону көздөшкөн. Коопсуздук кызматы тинтүү учурунда жардыргыч зат жасоочу лаборатория да табылганын билдирди. Колго түшкөндөр Орусияга Түркиянын аймагынан келгени, теракттарды жасаган соң Сирияга барып, "Ислам мамлекети" экстремисттик тобунун катарына кошулуу ниети болгону кабарланууда.

XS
SM
MD
LG