Ссылки доступа

Сауд Арабстан Сирияга аскер жөнөтүшү мүмкүн


Сауд Арабстандын Тышкы иштер министри Адель аль-Жубейр өздөрүн “Ислам мамлекети” деп атаган экстремисттик топко каршы күрөшүү үчүн АКШ башында турган коалициянын алкагында Сирияга атайын бөлүктүн жоокерлери жиберилиши ыктымалдыгын билдирди.

Бул тууралуу ал Американын мамлекеттик катчысы Жон Керри менен Вашингтондогу эки күндүк сүйлөшүүлөрдөн кийин айтты. Тараптар Сирия жана Йемендеги жаңжалды жөнгө салуунун жолдорун талкуулашты. Негизинен Сириядагы жердеги операциялардын жүрүшүнө көңүл бурулду.

Беш жылдан бери жарандык согуш уланып жаткан Сирияда былтыр сентябрда башталган Орусиянын аба соккулары президент Башар Асаддын позициясын бекемдегени айтылууда. Орусия жана Иран колдоо көрсөткөн Сириянын өкмөттүк күчтөрү Түркия менен чек араны көздөй жакындоодо.

XS
SM
MD
LG