Ссылки доступа

HRW Орусияны Сирияда кассеталык бомба колдонгону үчүн айыптады


Сирия-Орусия күчтөрүнүн биргелешкен операциясында эл аралык мыйзамдарда тыюу салган кассеталык бомбалар колдонулганы Human Rights Watch эл аралык укук коргоо уюму жарыялаган баяндамада айтылат.

Укук коргоочулардын маалыматына караганда, мындай курал 26-январда Сириянын беш аймагында жок эле дегенде 14 операция учурунда колдонулган. Баяндамада кассеталык бомбалар Алеппо, Дамаск, Идлиб, Хомс жана Хама провинцияларындагы стратегиялык райондорду көзөмөлгө алууну кайтаруу үчүн жүргөн урушта пайдаланылганы жазылган. Бул чабуулдардан кеминде 37 жайкын тургун ажал тапкан, алардын арасында алты аял жана тогуз бала бар. Дагы ондогон кишилер жаракат алган.

Баяндама күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүнүн жана дарыгерлер менен журналисттер сунуштаган документтердин негизинде даярдалган. Докладдын авторлору Орусияны Сирия аймагында кассеталык бомбаларды колдонууну токтотууга да чакырган.

Орусия мындай айыптоону четке кагып, Сириядагы аба соккулары учурунда кассеталык бомбалар колдонулбаганын айтып чыкты.

XS
SM
MD
LG