Ссылки доступа

Казакстанда оппозициялык журналисттин үстүнөн сот башталды


Алматанын Боштондук райондук соту Nakanune.kz оппозициялык сайтынын журналисти Юлия Козловага байланышкан ишти териштирүүгө киришти.

Журналистке Кылмыш кодексинин 296-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, маңзаттарын мыйзамсыз даярдоо, кайра иштетүү, алуу, сактоо боюнча айып тагылууда. Ал эми Юлия Козлова муну саясий негиз менен байланыштырууда.

Укук коргоо органдарынын маалыматы боюнча, баңгизаттары былтыр декабрда Козлованын батирин тинтүү учурунда табылган. Текшерүү Nakanune.kz сайтына жалган маалымат жарыяланган деген иштин алкагында жүргүзүлгөн.

Бүгүн судья Людмила Бектемирова жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн катыштыруу тууралуу Козлованын актоочуларынын өтүнүчүн жарым-жартылай канааттандырды. Журналисттерге жараянда аудио жана видео жазууларга уруксат берилип, бирок сүрөт тартууга тыюу салынды. Күбөлөр толук келбегендиктен териштирүү 15-февралга которулду.

XS
SM
MD
LG