Ссылки доступа

Тажик студенттери Иранда кайра окууга мүмкүнчүлүк алышат


Иран тажик студенттерине 250 орун бөлүп берди. Окучууларды эми Тажикстандын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы эл аралык мамилелер башкармалыгы тандайт.

Борбор Азия жаңылыктар кызматына аталган башкармалыктын башчысы Исматулло Шодиев маалымдагандай, Тажикстан Ирандан жаштарга керектүү кесиптерди үйрөтүүнү суранган.

Анын айтуусунда, негизинен так илимдер жана жаратылыш таануу менен байланышкан кесиптерге басым жасалат. Ирандын окуу жайларында техника, инженерия, медицина тармагындагы мыкты адистер даярдалат.

2010-жылы тажик президенти Эмомали Рахмондун буйругу менен бардык чет мамлекеттерде диний билим алып жаткан студенттер кайтарылган. Алардын арасында Иранда окуган 168 студент бар эле.

XS
SM
MD
LG