Ссылки доступа

Өзбекстанда мессенжерлерге тыюу салуу уланууда


Интернет менен камсыздоодо монополист болгон “Өзбектелеком” компаниясынын убадасына карабастан, өлкөдө Skype жана башка мессенжерлер иштебей жатат.

Skype, Viber, Telegram мессенжерлерин колдонууда кыйынчылыктар былтыр 29-июлдан тарта пайда боло баштаган. Ал кезде аталган программаларда жазуу түрүндөгү маалыматтар менен алмашууга гана мүмкүн болуп калган.

“Өзбектелекомдун” сайтында оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүп жаткандыктан, интернеттин сапаты начарлап жатканы айтылган эле.

Кийинчерээк “Өзбектелеком” бардык маселелер 5-февралга чейин чечилерин убада кылган. Азыркы тапта компания мессенжер тууралуу эч кандай маалымат бере элек.

Өзбекстанда көпчүлүк колдонуучулар Skype мессенжерине VPN серверлердин жардамы менен кирип жатышат. Мындай ыкма өлкөдөгү тоскоолдуктарды айланып өтүү менен чет мамлекеттер аркылуу сайттарды ачууга мүмкүндүк берет.

XS
SM
MD
LG