Ссылки доступа

Вашингтон-Бишкек кызматташуу боюнча жаңы макулдашуу даярдап жатышат


Жогорку Кеӊештин төрагасы Асылбек Жээнбеков шейшембиде Америка Кошмо Штаттарынын Кыргызстандагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Шейла Гуолтнини кабыл алды.

Парламенттин басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушууда Кыргызстан менен АКШнын ортосундагы кызматташуу жөнүндөгү жаңы макулдашууну иштеп чыгуу боюнча эки тараптуу иштер жүрүп жатканы айтылды.

Жээнбеков эгемендик доорунда Кыргызстандын демократиялык жолдо аткарган иштери жана бул жаатта АКШнын колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди. Гуолтни айым Вашингтон Бишкек менен ымаланы жандантууга кызыкдар экенин белгиледи.

Шейла Гуолтни Кыргызстанга өткөн жылы элчи болуп келген.

Былтыр кыргыз өкмөтү 1993-жылы кол коюлган Кыргызстан өкмөтү менен АКШ өкмөтүнүн кызматташуудагы жеңилдиктер тууралуу келишимин жокко чыгарган токтомго кол койгон. Буга Оштогу Июнь коогасына күнөөлөнүп, өмүрүнүн аягына чейин камалган Азимжан Аскаровго АКШ Мамлекеттик департаменттин сыйлыгы ыйгарылганы себеп болгон.

XS
SM
MD
LG