Ссылки доступа

Тажикстан Кыргызстанга нота жиберди


Кыргыз-тажик чек арасындагы тажикстандыктар жашап жаткан үйгө Кыргызстандын желеги орнотулганына байланыштуу расмий Дүйшөмбү 9-февралда Бишкекке нота жиберди.

Тажикстандын Кыргызстандагы элчилиги кабарлагандай, бул абал эки өлкө ортосундагы ымалага доо кетирип, эл аралык нормаларды бузат. Тажикстан желек илүү окуясын иликтөөнү талап кылууда.

6-февралда Кыргызстандын чек арачылары Лейлек районунун Максат айылында коңшу өлкөнүн Овчикалача айылы менен чектеш эки үйдүн чатырына Кыргызстандын туусун илип коюшкан. Мамлекеттик чек ара кызматы ал үйлөр кыргыз жарандарына таандык экенин, бирок тажиктер ижарага алып жашап жатканын билдирген.

Тажикстандык жалпыга маалымдоо каражаттары байрак талаш аймактагы тажиктердин үйүнө илингенин жазган.

XS
SM
MD
LG