Ссылки доступа

Назарбаев Түркия-Орусия кризиси боюнча Путин менен сүйлөштү


Казакстан жана Орусия президенттери телефон аркылуу 8-февралда сүйлөштү.

Казакстан президентинин маалымат кызматы кабарлагандай, сүйлөшүү Украин чыгышындагы жаңжалды токтотуу үчүн Минск келишимин аткаруу жана Москва менен Анкаранын ортосундагы келишпестикти жөнгөрүү жөнүндө болду. Путин орус-түрк мамилесинин начарлашына Түркия себепкер деп, биринчи кадам ал тараптан жасалыш керектигин ырастады.

Нурсултан Назарбаев менен Владимир Путиндин сүйлөшүүсү Түркиянын өкмөт башчысы Ахмед Давудоглунун Астанага сапарынан эки күндөн кийин өттү. Орусия менен Туркиянын мамилеси өткөн жылы 24-ноябрда Түркия-Сирия чек арасында орус аскер учагын Түркия атып түшүргөндөн кийин бузулган.

XS
SM
MD
LG