Ссылки доступа

АКШ: Орусиянын саясаты жаңы “кансыз согушка” алып келиши мүмкүн


АКШнын Улуттук чалгын кызматынын жетекчиси Жеймс Клэппер Орусия “агрессивдүү тышкы саясатын” улантууну көздөп жатканын Конгрессте сөз сүйлөгөн учурунда билдирди.

Клэппердин баамында, НАТОнун чакырыктарына байланыштуу Орусияда коркунуч пайда болуп, расмий Москванын Америка менен атаандашуусу дагы бир “кансыз согушка” кептеши ыктымал.

Ал Орусия 2016-жылы деле Украинанын Батыш менен жакындашуу аракеттерине тоскоол болууну улантат деген пикирде. Ошондой эле орус бийлиги өзү башында турган Евразия экономикалык биримдигин кеңейтүү максатында коңшу мамлекеттерге басым жасоого умтуларын кошумчалады.

АКШнын алдында турган коркунучтар тууралуу айтып жатып, Жеймс Клэппер булардын катарына Орусиянын “агрессивдүү” саясатынан тышкары, террорчулук, өздөрүн “Ислам мамлекети” деп атаган радикал топтон туулган коркунуч, Түндүк Кореянын өзөктүк сыноолору, киберчабуулдарды кошту. Чалгын кызматындагы 50 жылдык тажрыйбасында коркунучтар менен кризистердин бүгүнкүдөй топтому болбогонун белгиледи.

XS
SM
MD
LG