Ссылки доступа

Москвада Михаил Касьяновго кол салуу болду


Москвада ПАРНАС элдик эркиндик партиясынын лидери Михаил Касьяновго кол салуу болду. Бирок анын ден-соолугуна зыян келген жок.

Партиянын басма сөз кызматы маалымдагандай, окуя кечээ кечинде борбордук ресторандардын биринде катталды. Эки киши Касьяновго келип, бетине торт ыргытып, коркутуп-үркүткөн сөздөрдү айткан. Андан кийин алар 15 адамдын коштоосунда эс алуучу жайдан чыгып,төрт автоунаага түшүп көздөн кайым болушкан.

Касьянов Москвадагы Кытай шаарчасы районундагы полиция бөлүмүнө арыз жазды. Ал өмүрүнө жана коопсуздугуна коркунуч туудургандарды жоопко тартууну талап кылууда.

Окуя тууралуу ПАРНАСтын жаштар канатынын башчысы Михаил Конев “Твиттердеги” баракчасына жазып, муну саясий чагым катары баалады. Ал “Азаттыктын” орус кызматына кол салгандар чечен улутундагы адамдар экенин билдирди.

Партиянын дагы бир мүчөсү Наталья Пелевина да “Твиттерде” кол салгандар чечен тилинде сүйлөшкөнүн жазып чыккан.

Буга чейин Михаил Касьянов жана “Ачык Орусия” коомдук-саясий кыймылынын координатору кенже Владимир Кара Мурза Федералдык коопсуздук кызматына арыз менен кайрылышкан. Алар Чеченстан республикасынын президенти Рамзан Кадыровду “Инстаграмдагы” орус оппозиционерлерин көз менен атып жатканы чагылдырылган видео үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартуу талабын коюшкан. Оппозициячылар Кадыровдун жоругун өздөрүн өлтүрүүгө ачык эле аракет катары сыпатташкан.

Бул видео кийинчерээк “Инстаграмдан” алынган. Анткен менен Рамзан Кадыров кийинчерээк көз менен мээлеп жаткан сүрөт жайгаштырып, оппозицияны “элдин душманы” деп эсептей турганын кыйытып, “түшүнбөгөн түшүнөт” деп жазып койгон. Ушундай эле эле жазуу анын Инстаграммдан алынып коюлган видеосунда да бар болчу.

XS
SM
MD
LG