Ссылки доступа

Орусиядан Кыргызстанга аскердик техника келет


Аскердик техника жана курал-жарак жүктөлгөн учак "Манас" аба майданына келип конот.

Бул маалыматты Коргоо комитетинин маалымат кызматынан шейшемби күнү кабарлашты.

Маалыматка караганда, Кыргызстандын куралдуу күчтөрүн жаңы аскердик техника жана курал-жарак менен камсыздоо келишиминин алкагында Орусиядан буга чейин да тийиштүү жүктөр келип жаткан. Москва Бишкекке 1 млрд. доллардын тегерегиндеги суммага курал-жарак, аскердик техника берери кабарланган.

XS
SM
MD
LG