Ссылки доступа

Тажикстанда Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча референдум өтөт


Өлкө парламентинин төмөнкү палатасы Баш мыйзамга өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу жалпы элдик добуш берүүлөрдү быйыл 22-майда өткөрүү чечимин кабыл алды.

Спикер Шукуржон Зухуров шайлоодогу бюллетенде “”Конституцияга киргизилип жаткан өзгөртүүлөр менен толуктоолорду колдойсузбу?” деген суроо гана жазыла турганын билдирди.

Баш мыйзам Тажикстандын парламентинин жогорку жана төмөнкү палаталарынын демилгеси менен өзгөртүлө турган болууда.

XS
SM
MD
LG