Ссылки доступа

АКШ: Өзбекстан балдар эмгегинен баш тартууда


АКШ Өзбекстанда пахта теримге элди мажбурлап чыгаруудан акырындап баш тартып, бул жааттагы абал оң жакка өзгөрүп бара жатканын кубаттайт.

Мындай пикирди Американын Өзбекстандагы элчиси Памела Спратлен январда Вашингтондогу америка-өзбек саясий кеңешмелеринин алтынчы айлампасынын жыйынтыктары тууралуу Ташкенде өткөн маалымат жыйында билдирди.

Анын айтуусунда, пахта тармагында өзгөрүүлөр байкалып, Өзбекстан бул багытта Дүйнөлүк банк жана Эл аралык эмгек уюму менен кызматташа баштады. Спратлен мындай аракеттер уланарына ишенимин белгиледи.

Бириккен улуттар уюмунун Эл аралык эмгек бирикмеси Өзбекстандагы пахта теримге байкоо салып, 2015-жыл боюнча баяндамасында балдардын түшүм жыйноого тартылган учуру дээрлик кездешпегенин кабарлаган. Ал эми чоңдорду мажбурлоо менен ишке тартуу тууралуу арыздар тастыкталбаганы айтылган.

Ошол эле маалда бир канча жылдан бери балдарды жана чоңдорду мажбурлап жумушка тартууга каршы чыгып келе жаткан көз карандысыз эксперттер аталган баяндаманы сынга алышкан. Алар муну расмий Ташкен менен кызматташтыкты сактап калуу үчүн чындыкты жашыруу аракети катары баалаган эле.

XS
SM
MD
LG