Ссылки доступа

Казакстанда акимдин үйүндө жарыктын өчүрүлгөнү коомчулуктан колдоо тапты


Ай башында Казакстандын Ак-Дөбө облусунун башчысы Бердибек Сапарбаев Мугалжар районунун жетекчилигинин ишин сынга алып, кол алдындагы аткаминерди адаттын тыш ыкма менен жазалаган.

Ал 800дөй тургун жашаган Кайыңды айылына электр энергиясы үзгүлтүксүз берилмейинче, акимдин үйүндө жарыкты өчүрүүгө буйрук берген. Облус жетекчисинин аталган айылдагы электр кубатына байланышкан көйгөйдү он жылдан бери чече албаган аким менен анын орун басарын жарыксыз калтырганы коомчулуктун кубаттоосуна ээ болгон эле. Мугалжар районунун акими жана анын орун басарынын үйлөрү жарыксыз калганын Ак-Дөбө облусунун «Энергосистема» компаниясынын башкы инженери жана башкы директордун биринчи орун басары Марат Амангалиев тастыктады. Анткен менен алар жарык облус башчынын буйругунан кийин эмес, атка минерлердин өздөрүнүн суранычы менен өчүрүлгөнүн билдиришти.

Кайыңды айылынын тургундарынын арасында жүргүзүлгөн сурамжылоого таянсак, электр энергиясы кечки саат 10дон кийин маал-маалы менен өчүп турат. Жарандар электр энергиясын түнкү маалда уурдоолор көп боло турганын да билдиришкен.

XS
SM
MD
LG