Назарбаев Бирдиктүү пенсиялык фондунда топтолгон бир триллион 450 миллиард теңге тууралуу кеп кылды.
Быйыл жыл башынан бери аталган фонддогу пенсиялык топтомдордун көлөмү беш триллион 828 миллиард теңгени түзгөн.
Өкмөттүн басма сөз кызматы бул каражат антикризистик чаралар үчүн колдонула турганын билдирди. Назарбаев өзүнүн “Нурдуу жол” программасынын алкагында инфраструктуралык долбоорлорду жүзөгө ашырууну тездетүү үчүн 76 миллиард теңге бөлүүгө чакырды. Ошондой эле «КазАгро» компаниясындагы программаларды каржылоого 100 миллиард теңге бөлүнө турган болду.