Ссылки доступа

Тажикстанда жемкордук көбөйүүдө


Тажикстандын Эсептөө палатасы былтыр мамлекеттик казынадан 160 миллион сомониге жакын каражат максатсыз жумшалып, уурдалып кеткенин жана бир катар документтерде чыгымдар ашыкча жазылганын аныктап чыкты.

Бул тууралуу Дүйшөмбүдөгү маалымат жыйында аталган мекеменин башчысы Дилмурод Давлатзода билдирди. Анын айтуусунда, текшерүүнүн жүрүшүндө 438 мамлекеттик мекемелерде, анын ичинде министрлик, банктарда жана башка бюджеттик ишканаларда казынага зыян келтирилген учурлар ашкере болду.

Өткөн жыл боюнча табылган мыйзам бузуулардын арасынан 56 миллион сомони гана кайтарылган. Бул жалпы келтирилген чыгымдын 35 пайызын түзөт.

Дүйшөмбүдөгү эл аралык аэропорттун жетекчилиги аба майданды жакшыртуу үчүн 15 миллион сомони насыя алып, бирок аны башка банктагы карызды жабуу үчүн пайдаланганы ачыкталды. Ал эми Согди облусунун Өзгөчө кырдаалдар жана жарандык коргонуу комитетинин жетекчилери “Нива” үлгүсүндөгү бир автоунаа 93 миң долларга, эки “УАЗ” унаасы 114 миң доллардан сатып алынганы боюнча кагаз толтурушкан. Былтыр аудиттин жыйынтыгында 59 кылмыш иши козголгон.

Эл аралык уюмдардын баасы боюнча, Тажикстан дүйнөдөгү эң коррупциялашкан 20 мамлекеттин катарында. Мындан мурда тажик президентинин алдындагы Стратегиялык иликтөөлөр борбору өлкөдөгү коррупция улуттук коопсуздукка коркунуч туудурган деңгээлге жеткенин жарыялаган.

XS
SM
MD
LG