Ссылки доступа

НАТО Чыгыш Европадагы пландарын кеңейтет


НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг үстүбүздөгү аптада коргоо министрлери альянстын чыгыштагы аракеттерин күчтөндүрүү планын бекитишет деп күтүлүп жатканын билдирди.

10-февралда Брюсселде министрлер жыйыны алдында сүйлөгөн сөзүндө баш катчы НАТОнун Польша жана Орусия менен чектеш башка өлкөлөрдөгү долбоорлору альянс “мүчөлөрүнө каршы агрессияга бир добуштан жооп берет деген ишара жолдоону” көздөйт деди.

Планга ылайык, аскердик жабдуулар арсеналын көбөйтүү, жаңы инфрастуктураны куруу, көп улуттуу күчтөрдүн кеңейтилген контингенттерин аймакка тез-тез жөнөтүп туруу каралган.

Айрым булактардын айтымында, Орусиянын Украинанын курамындагы Крым аралын 2014-жылы аннексиялап алышына жооп иретинде көрүлгөн чаралардын алкагында НАТО Чыгыш Европага ротация негизинде миңдеген аскерлерин жайгаштырмакчы.

XS
SM
MD
LG