Ссылки доступа

Он миңден ашуун өзбек жараны АКШдан виза алды


Өткөн жылы АКШнын Өзбекстандагы элчилиги 10500 өзбекстандыкка виза берди.

Бул тууралуу Ташкендеги Америка элчиси Памела Спратлен билдирип, мурдагы жылдарга караганда былтыр виза көп ачылганын белгиледи.

Америкага кирүүгө уруксат алгандардын көпчүлүгү студенттер, туристтер жана биснес өкүлдөрү.

Спратлендин айтуусунда, былтыр АКШ өзбекстандыктарга виза берүү тартибин жеңилдеткен. Виза алуунун мөөнөтү 3 жумадан 1 аптага кыскарган.

Өзбек коомчулугунда АКШнын дарегине айтылган сын-пикирлер арбын болгонуна карабай, ал жакка барууну көздөгөндөрдүн саны барган сайын көбөйүүдө. 1996-жылы Green Card иммиграциялык визасын 300 адам утуп алса, азыр жыл сайын алардын катары 5 миңге жетүүдө.

XS
SM
MD
LG