Ссылки доступа

БУУ Орусияны Алеппо шаарын бомбалоону токтотууга чакырды


Франция, Улуу Британия жана алардын Бириккен улуттар уюмунун Коопсуздук кеңешиндеги өнөктөштөрү Орусияны Алеппо шаарын бомбалоону токтотууга чакырышууда.

France-Presse агенттиги маалымдагандай, Коопсуздук кеңеште Жаңы Зеландия жана Испаниянын суранычы боюнча Алепподогу гуманитардык каатчылык маселеси жабык эшик артында талкууланды. Улуу Британиянын БУУдагы өкүлү Мэтью Рикрофт Орусия Сирия президенти Башар Асадга болгон өз таасирин колдонуу менен атышууларды, абадан соккуларды токтотконго жана Алеппо шаарына гуманитардык жардам жеткирүүгө көмөктөшүүгө милдеттүү экенин билдирди.

АКШ Мамлекеттик департаментинин аткаминери, Ирак менен Сирияда “Ислам мамлекети” менен күрөшүү боюнча президенттин атайын өкүлү Бретт Макгурк Орусия Алепподо Асад режиминин каршылаштарына абадан сокку уруу менен, өзүн “Ислам мамлекети” деп атап алган экстремисттик топту гана күчтөндүрүүдө деген оюн билдирди.

Анын айтымында, Орусия өз кадамдары менен согушкерлерге түздөн-түз жардам берүүдө.

Акыркы күндөрдө эле орус авиациясынын колдоосу менен Сириянын өкмөттүк күчтөрүнүн чабуулдарынан 35 миңден ашуун жаран өз үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болгон.

Бүгүн Мюнхенде Сирияны колдоо боюнча Эл аралык топтун жолугушуусу болот. Ага АКШ Мамлекеттик катчысы Жон Керри, 20дай өлкөнүн, анын ичинде Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров катышат.

XS
SM
MD
LG