Ссылки доступа

Орусия 1-марттан тарта Сирияда ок атууну токтотууну сунуштады


Бул тууралуу АКШнын расмий өкүлү маалымдап, бирок согуш дароо токтотулушу керектигин билдирди.

АКШнын атын атабаган расмий адамы Ассошиейтед пресске берген маалыматында, Орусия 1-мартка чейин Сириянын өкмөттүк күчтөрүнө оппозициялык күчтөрдү талкалап, жаңы аймактарды ээлеп алуусуна мүмкүнчүлүк берүүнү көздөөдө деген.

Вашингтон ок атууларды дароо токтотуп, камалоого алынган жерлердеги жарандарга гуманитардык жардам жеткирүүнү сунуштады. Орусиянын Бириккен Улуттар Уюмундагы өкүлү Виталий Чуркин Москва жана Вашингтондун өкүлдөрү Мүнхенде Сирияда ок атууну токтотуу боюнча өтө маанилүү сүйлөшүүлөр жүргүзүп жатканын 10-февралда билдирди. Бул жумада Бавария борбору Мүнхенде коопсуздук боюнча эл аралык жылдык конференция өтүүдө.

XS
SM
MD
LG