Ссылки доступа

Орусиянын Казакстандагы машыгуу талааларынын саны кыскарат


Казак парламенти Тайсойгон машыгуу талаасын колдонуу тууралуу Казакстан менен Орусиянын ортосундагы келишимге киргизилген өзгөртүүлөрдү колдоду.

Бул талаа расмий түрдө 929-мамлекеттик жайкы сыноо борбору деп аталат.

Жаңы документте Орусия ижарага алган жерлерди азайтуу, аны айыл-чарба жана геологиялык чалгындоо иштерине пайдалануу маселеси камтылган.

Тараптар бул жерди колдонуу тууралуу макулдашууга 1995-жылдын 20-январында кол коюшкан. Анын негизинде Батыш Казакстан жана Атырау облустарындагы аймактар да аталган борборго берилген.

Буга чейин Орусия Казакстанда ижарага алган аскердик машыгуу талааларын кыскарта турганы кабарланган болчу.

.

XS
SM
MD
LG