Ссылки доступа

Өзбекстанда жарандар темир-тезек чогултууга мажбур


Мирзачул районунун башкармалыгы бардык мектептерге 10 тоннадан 30 тоннага чейин темир калдыктарын чогултуу тапшырмасын берди.

Мектептердин биринин атын жашырган жетекчиси район башкармалыгынын буйругу менен темир-тезек топтоого аргасыз болуп жаткандыктарын билдирди.

Анын айтуусунда, Элдик билим берүү бөлүмүнүн башчысы да баарынан мурда окуунун сапатын эмес, темирдин калдыктары кандай чогултулуп жатканын сурайт.

“Биз азыр мектеп эмей эле, темир, желим бөтөлкөлөрдү, айнек чогулткан уюмдай болуп калдык”, - дейт ал.

Өзбекстанда мектеп окуучуларын жана студенттерди темир, жараксыз кагаздарды жыйноого, өкмөттүк басылмаларга жазылууга мажбурлоо көп жылдан бери көндүм адатка айланган.

Бул багыттагы өкмөттүн токтомун аткаруу мектеп, коллеж, лицейлердин мугалимдери, анда билим алгандарга, дарыгерлердин моюнуна жүктөлгөн. Акыркы убакта балдары бала бакчага барган ата-энелерге да темир топтоп, өткөрүү талабы коюлууда.

XS
SM
MD
LG