Ссылки доступа

Казакстан: БШК дагы бир партияны шайлоого талапкер катары каттады


Казакстандын Борбордук шайлоо комиссиясы өздөрүн оппозициячыл күч деп санаган Жалпы улуттук социал-демократтар партиясын мажилиске талапкерлер катары каттады.

Партиялык тизмеде 23 талапкер бар. Мындан тышкары, бийликчил делген партиялар “Ак Жол”, “Ауыл”, Казакстандын Коммунисттик элдик партиясынын жана президенттик “Нур Отандын” тизмеси каттоодон өткөн.

Казак мажилисине мөөнөтүнөн мурда өтө турган шайлоо 20-мартка белгиленген. Талапкерлерди каттоо 19-февралда аяктайт. Үгүт иштерине 20-февралдан 18-мартка чейин уруксат берилген.

Буга чейин Казакстанда өткөн шайлоолор эл аралык байкоочулар тараптан адилеттүү жана эркин деп бааланган эмес. Азыр дагы “Нур Отан” партиясы парламентте толук көзөмөлдү аларын жоромолдошууда. Көп жылдан бери парламент оппозициянын бир дагы өкүлү жок иштеп келатат. “Нур Отан” партиясынын тизмесине премьер-министрдин орун басары, Назарбаевдин улуу кызы Дариганы, бир нече эстрада жана спорт жылдыздары кошулду.

XS
SM
MD
LG