Ссылки доступа

Казакстанда дагы бир жарандык активист “кылган ишине өкүндү”


Өткөн айда Алматада соттолгон жарандык активист Ермек Нарымбаевдин кылган ишине өкүнүчү тууралуу маалымат интернетке тарады.

Анын адвокаты Жанар Балгабаева коомчулуктун муну билиши маанилүү деп эсептеген. Балгабаеванын айтуусунда, өкүнүү боюнча билдирүү Нарымбаев тууралуу ишке азырынча тиркеле элек. Сот аны карап чыгат деген ишенимин да кошумчалады актоочу:

— Ал Серикжан Мамбеталин сыяктуу кадамга барды. Мамбеталин алгач интернет аркылуу кечирим сурап, андан кийин бошотулган, — дейт Жанар Балгабаева.

Серикжан Мамбеталин эки жылга, Ермек Нарымбаев үч жылга абакка кесилген эле. Мамбеталин бир нече жумадан кийин күнөөсүн моюнга ала турганын билдирип, абактан чыккан.

Эки активистке кылмыш кодексинин 174-беренеси боюнча, “социалдык, улут аралык, расалык жана диний чатакты козуткан”, деген айыптар тагылып, жаза мөөнөтүн өтөп бүткөндөн кийин коомдук-саясий ишмердүүлүк менен беш жылга чейин алектенүүгө тыюу салынган болчу. Алар алгач коюлган айыптарды четке кагышкан. Укук коргоочулар да муну саясий негиз менен байланыштырышкан.

XS
SM
MD
LG