Ссылки доступа

Өзбекстанда адам саткандар соттолду


Ташкенде 2013-2015-жылдар аралыгында өзбекстандыктарды мыйзамсыз түрдө Казакстан менен Орусияга жөнөтүп турган кылмыштуу топтун мүчөлөрү соттолду. Тергөө алардын ар биринин өзүнчө милдети бар экени аныктап чыккан.

Маселен, топтун өкүлү Фазлиддин Хусанов чет элде иштөөнү каалагандардын тизмесин түзүү менен алектенип, мигранттардын аты-жөнүн, качан жөнөтүлгөнү тууралуу маалыматтарды каттап турган. Ошондой эле эсепчи кызматын да аркалап, бардык киреше-чыгашаларды тыкыр көзөмөлдөп келгенин Sputnik интернет басылмасы кабарлады.

Ал эми негизинен Фергана өрөөнүнөн келген жарандарды Ташкендеги атайын жайда топтоо милдети шаардык ички иштер башкармалыгынын нөөмөт бөлүмүнүн мурдагы кызматкери Кобил Толиповго таандык болгон. Аталган кылмыш тобу эки жыл аралыгында көптөгөн мигранттарды мыйзамсыз түрдө чет мамлекеттерге жиберишкен. Ортомчулук кылгандыктары үчүн ар бири чоң суммадагы акча алышкан.

Мигранттардын акыркысы былтыр майда Казакстанга жеткирилген. Ошол учурда укук коргоо органдары Толипов менен анын төрт шеригин кармап, элди мыйзамсыз сыртка чыгаруу боюнча каналга бөгөт коюшкан.

Сотто айыпталуучулар коюлган күнөөлөрдү толук моюнга алышты. Баары кылмыш жообуна тартылды.

XS
SM
MD
LG