Ссылки доступа

Украина дагы 15 орусиялык каналды көрсөтүүгө тыюу салды


Украина 11-февралдан тарта "Совершенно Секретно", "Кухня ТВ", "Авто плюс", "Боец", "Шансон ТВ" жана "Наука 2.0" баштаган 15 орусиялык кабелдик телеканалдарын аймагында көрсөтүүгө тыюу салды.

Бул тууралуу Украинанын телекөрсөтүү жана радиоберүү боюнча Улуттук кеңешинин сайтында жарыяланган.

Чечим аталган каналдар реклама мыйзамдарын бузган жана Украинанын улуттук коопсуздугуна шек келтирет делген тизмедеги адамдарды эфирине чыгарган деп негизделген.

Украина Орусиянын негизги каналдарына 2014-жылдын жазынан тарта эле тыюу салган болчу. Бул "кара тизмеге" орус аскерлеринин жана атайын кызматтарынын күч-кубатын даңазалаган фильмдер, Орусиянын Украинага каршы саясатын, анын ичинде Крымдын аннекциясын колдогон орус маданият ишмерлери да киргизилген.

XS
SM
MD
LG