Ссылки доступа

АКШ, Орусия жана Европа биримдиги Сирияда ок атууну токтотууну макулдашты


Американын мамлекеттик катчысы Жон Керри Орусия жана Европа биримдигиндеги өнөктөштөрү менен Мүнхендеги жолугушуудан кийин Сирияда жума ичинде ок атууну токтотууга жетишүү макулдашылганын 12-февралда ырастады.

Бул макулдашууга "Аль-Нусра" жана "Ислам мамлекети" аталган террордук топтун тиешеси болбойт. Дүйнөлүк жана регионалдык өлкөлөр кирген Сирияны колдоо тобу Сирияга гуманитардык жардамды көбөйтүүнү да макулдашканын Керри белгиледи. Анын айтуусунда, бардык тараптар мүмкүн болушунча эртерээк Сирия боюнча тынчтык сүйлөшүүнү Женевада баштоону жакташты.

Германиянын тышкы иштер министри Франк-Вальтер Штайнмайер бул макулдашуу жакынкы күндөрү аткарыла баштаса, анда ийгилик жөнүндө сөз кылууга болорун билдирди. Англия тышкы иштер министри Филип Хаммонд Алеппону орус аба күчтөрү бомбалоосун, Сирия өкмөттүк күчтөрү чабуул коюусун токтотсо гана ок атуу токтой турганын маалымдады.

XS
SM
MD
LG