Ссылки доступа

Орусияда Тажикстан Ислам борборунун өкүлчүлүгү ачылат 


Бул тууралуу Тажикстандагы Ислам борборунун башчысы Саидмукаррам Абдулкодирзода билдирди.

Анын айтуусунда, жакынкы мезгилде ачылары күтүлүп жаткан борбор Орусиядагы тажикстандык мигранттар менен иштеп, аларга мусулман дининин туура багыты жөнүндө маалымат берет. Мындай кадам жарандардын ар кандай террордук жана экстремисттик топтордун тузагына илинип калбашы үчүн жасалууда.

Ислам борборунун өкүлчүлүгүн түптөө тууралуу маалымат Орусиянын муфтийлер кеңешинин төрагасы Равил Гайнутдин Москвадагы тажик элчиси Имомуддин Саттаров менен жолугушкандан кийин айтылды. Гайнутдин аталган борборго белгилүү диний аалымдарды тартып, тажикстандык мигранттар көп жашаган аймактарда түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү сунуштады.

Расмий Дүйшөмбү өздөрүн “Ислам мамлекети” деп атаган топтун курамында Сирия менен Ирактагы согуштук аракеттерге катышып жүргөн тажиктердин көпчүлүгү мигрант катары чет мамлекеттерде иштегени кетип, экстремисттик уюмдарга кошулуп кеткенини билдирип келет. Тажик бийлигинин маалыматына таянсак, Сирия менен Иракта миңге чукул тажик жараны террорчулардын катарында согушка катышууда. 148 адам ал жакта каза тапкан.

XS
SM
MD
LG