Ссылки доступа

Түркмөнстан аркылуу Кытайдан Иранга поезд каттай баштады


“Түркмөнстан хроникасы” басылмасы маалымдагандай, Серхетяка станциясына Кытай-Казакстан-Түркмөнстан-Иран темир жол каттамы боюнча алгачкы жүк тарткан поезд келди.

Бул каттамдын жалпы узундугу 10 миң километрди түзүп, жүк жеткирүү 2 жумага жакын убакытты алат. Мурда деңиз аркылуу жиберилген жүктөр 25-30 күндө жетчү.

Мындай каттамды ишке ашырууга Казакстан-Түркмөнстан-Иран эл аралык темир жолунун курулушу жардам берди. Анын ачылышы расмий түрдө 2014-жылдын декабрында Түркмөнстан, Казакстан жана Ирандын президенттердин катышуусунда болгон.

XS
SM
MD
LG