Ссылки доступа

Кызыл-Кум чөлүнө кар жаады


Өзбекстандын Жаратылышты коргоо боюнча мамлекеттик комитети кабарлагандай, эң ысык жерлердин бири болгон Кызыл-Кум чөлүнө кар түштү.

“Республиканын көптөгөн аймактарында аба-ырайы суук. Кээ бир облустарда жаан-чачындын көп болушу көндүм адат. Кызыл-Кумда болсо кардын жааганы сейрек көрүнүш”, -деп айтылат аталган мекеменин басма сөз кызматы тараткан билдирүүдө.

Кызыл-Кум чөлү 300 миң чарчы километр аянтты ээлеп, Амударыя менен Сырдарыянын ортосунда, Өзбекстан, Казакстан, Түркмөнстандын аймагында жайгашкан.

Өткөн жумада Өзбекстанга быйылкы кыштагы биринчи суук түшүп, кар жаады. Аптанын аягына чейин өлкөдө түнкүсүн 5-8 градус суук болуп, күндүз 2-6 градуска чейин жылый турганы күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG