Ссылки доступа

Өзбекстанда ИМге катышы бар делген адамдар тобу кармалды


Өзбекстандын Фергана облусунун жашоочуларынан турган топ өздөрүн “Ислам мамлекети” деп атаган экстремисттик уюмга тиешеси бар деп айыпталууда.

Сох районундагы Тул, Калач, Газнов айылдарынын 12 тургуну өткөн жумада Орусиядан кайтып келгенден кийин камакка алынды.

Жергиликтүү укук коргоочулар сурак учурунда кармалгандар күнөөсүн моюнга алганын кабарлашты. Тергөө 26 жаштагы жарандар Орусияда радикал топтордун тузагына түшкөнү ачыкка чыкканын билдирген.

Соңку кезде Өзбекстанда Орусиядан кайтып келген мигранттарды суракка алуу жана камоо учурлары көбөйүүдө. Укук коргоочулардын маалыматы боюнча, октябрь-ноябрь айларында эле Ташкен облусунда “Ислам мамлекети” террордук тобуна катышы бар деген айып менен 200дөн ашуун адам кармалган. Декабрда Фергана өрөөнүндө 18 жаштан 30 жашка чейинки курактагы адамдардан турган топ экстремизм боюнча айыпталып, абакка кесилген болчу.

XS
SM
MD
LG