Ссылки доступа

Обама менен Путин Сирия жана Украина жаңжалын телефондо талкуулашты


Кремлдин басма сөз кызматы кабарлагандай, 14-февралда АКШ президенти Барак Обама менен Орусия мамлекет башчысы Владимир Путин телефондо байланышып, Сирия жана Украина коогасын талкуулашты.

Сүйлөшүү Вашингтондун демилгеси менен уюштурулду.

Президенттер 11-12-февраль күндөрү Мүнхенде эл аралык коопсуздукка арнап уюштурулган жыйын тууралуу сөз кылышып, Сириядагы согушту жайгарууга дүйнө коомчулугу кызыкдарлыгына кубанычта экенин маалымдашкан.

Кремлдин басма сөз кызматы тараптар Украинадагы согуш тууралуу да пикир алмашышканын, Путин мындан ары Украина Минск келишимин сактаарына ишенерин билдирген.

Ишемби күнү Мүнхенде Украина президенти Петр Порошенко сүйлөп жатып, Москва Минск келишимин сактабай жатканын айткан жана Путинди Донбасста агрессиясын улантып жатат деп айыптаган.

XS
SM
MD
LG