Ссылки доступа

Кара-Сууда окуучулар боз үйдө окушууда


Оштун Кара-Суу районундагы Кожокелен айылында окуучулар кыштын күнүндө боз үйдө билим алып жатышат.

Кыштак мектеби авариялык абалга кептелип, былтыр февралда жабылган. Андан бери 300гө жакын бала бир канча боз үйдө окушат. Окуучулар бир партага төрттөн отурганга мажбур.

Айыл башчысы Нурмамат Үсөнов жаңы мектеп курула баштаганын, бирок каражат жетишпей токтоп турганын маалымдады. Мектеп жетекчилиги жаңы 225 орундуу мектеп куруунун тендердик баасы 52 миллион сом экенин, азыр 8 миллион сомдук жумуш аткарылганын билдирди.

Облустук бийлик аймакта бир канча мектептерде курулуш иштери жүрүп жаткандыктан, жаңы имараттар эки-үч жылда пайдаланууга берилерин айтууда.

XS
SM
MD
LG