Ссылки доступа

Орус премьери Сириядагы кургактагы операцияларга каршы чыкты


Орусиянын премьер-министр Дмитрий Медведев “Евроньюс” телеканалындагы маегинде Сирияга кайсыл бир өлкө кургактан аскер киргизсе, согуш узакка созулаарын эскертти.

Москва Башар Асадды колдоону улантабы деген суроого, Медведев өз өлкөсү жеке бир саясатчыны эмес, Сирия мамлекети менен болгон достук мамилелерди кубаттап жатканын билидрди.

Дмитрий Медведев 12-14-февралда Мүнхенде өткөн коопсуздук боюнча жыйында сөз сүйлөп, Батышты Москва менен мамилени суутпай, эл аралык маселелерди чечүүдө тыгыз кызматташууга чакырды.

Сирия кризиси чечилбесе жана ага АКШ менен араб өлкөлөрүнүн кургактагы аскерлери киришчү болсо бул чатак "туруктуу" же дүйнөлүк согушка" айланып кетүү коркунучу тууларын кыйытты.

XS
SM
MD
LG