Ссылки доступа

Тажикстанда күйүүчү май кескин кымбаттады


Борбор Азиядагы беш мамлекетке салыштырмалуу Тажикстанда күйүүчү майдын баасы кымбат.

Азыр АИ-92 үлгүсүндөгү бензиндин наркы Түркмөнстанда 27 цент, Казакстанда 35 цент, Өзбекстанда 37, Кыргызстанда 44 центтен сатылууда. Ал эми Тажикстанда анын баасы 65 центке барабар.

АИ- 95 үлгүсүндөгү күйүүчү май Түркмөнстанда 28, Казактстан менен Өзбекстанда 38, Кыргызстанда 49 цент болсо, Тажикстанда 69-70 центтин тегерегинде.

Тажик бийлиги буга бир канча себеп бар экенин билдирүүдө. Энергетика жана суу чарба министрлиги баанын кымбаттыгын Орусиядагы абал менен байланыштырат. Ал эми Монополияга каршы күрөшүү мекемесинин маалыматы боюнча, күйүүчү майды ташып келүү акысы жогору болуп жатат. Өлкөгө күйүүчү майдын 90 пайыздан ашыгы Орусиядан алып келинет.

XS
SM
MD
LG