Ссылки доступа

Казакстан: пенсия фонддогу акчаны инвестициялоо айласыз чечим


Казак бийлигинин Бирдиктүү пенсиялык фонддо топтолгон бир триллион 450 миллиард теңгени (4 миллиард долларга жакын сумма) инвестицияга жумшоо тууралуу сунушу 2016-жылдагы каатчылыктан арылууга багытталган убактылуу чечим.

Бул тууралуу өлкөнүн Улуттук экономика министри Ерболат Досаев билдирди.

Астанадагы өкмөттүн жыйынында Досаев аталган фонддон 350 миллиард теңге быйылкы бюджеттин таңсыктыгын каржылоого, ал эми 500 миллиарды чет элдик валюталарды алмаштырууга жана тышкы базарлардагы инвестицияга, 600 миллиарды улуттук холдингдерди, компанияларды колдоого, банктарда облигация алууга сарптала турганын кошумчалады.

Буга чейин президент Нурсултан Назарбаев пенсиялык фонддо топтолуп турган каражатты экономиканы колдоого жумшоо зарылдыгын жарыялаган.

Быйыл жыл башынан бери аталган фонддогу пенсиялык топтомдордун көлөмү беш триллион 828 миллиард теңгени түзгөн.

XS
SM
MD
LG