Ссылки доступа

Ислам Каримов комсомол менен социалдык желелерди күнөөлөдү


Өзбекстандын Балдар спортун өнүктүрүү фондунун жыйынында сүйлөгөн учурда президент Ислам Каримов совет доорундагы жаштар уюмдарынын тарыхына токтолуп, комсомолду чыккынчыларды даярдоого салымы чоң деп сынга алды.

“Советтик бийлик пионер жана комсомолдун жоболору менен бардык жарандардын мээсин айланткан. Комсомолдон бир дагы лидер чыккан эмес. Алардын арасында бизге, заманбап талаптарга жооп берген балдар жок. Бул уюм көбүнчө чыккынчылыкка даяр болгон адамдарды тарбиялоо менен алектенген”, - дейт президент.

Анткен менен Ислам Каримов бала чагында мектепте моюнуна кызыл жагоо тагып, пионер болгон. Комсомолго өткөндө көкүрөгүнөн коммунисттердин башчысы Лениндин сүрөтү чегерилген кызыл жылдыз түшчү эмес. Коммунистик партиянын мүчөсү болгондо, ага мукабасында ошол эле жол башчынын сүрөтү бар билет берилгени маалым.

Ошону менен бирге Каримов өзбекстандыктардын арасында социалдык түйүндөрдүн кеңири жайылышына тынчсыздануусун билдирип, интернетти чектөө мүмкүн болбой жатканын, андыктан дүйнөлүк желе жаштардын болочогуна балта чабарын белгиледи.

XS
SM
MD
LG