Ссылки доступа

Казакстанда оппозициялык журналисттин соту уланууда


Алматанын Боштондук райондук сотунда Nakanune.kz оппозициялык сайтынын журналисти Юлия Козловага байланышкан жараян уланууда.

Кечээги териштирүүлөрдө эки тараптын тең күбөлөрү суралды. Айыптоо тараптан күбө Сапаржан Сапаргалиулы Козлованын үйүн тинтүү учурунда күбө болгон. Дагы бир жаран Даурен Дабылов соттон чакыруу алганына карабай келген жок.

Актоочу экинчи күбө Дабыловодун милиция формасын кийип түшкөн сүрөтүн көрсөтүп, ал Ички иштер министрлигинин академиясында билим аларын билдирип, муну ишке тиркөөнү өтүндү. Эгерде анын курсант экени аныкталса, сотто күбө катары өтүшү мыйзамсыз болуп калат.

Журналист Юлия Козлова тинтүү маалында эки күбө тең тергөөчүлөргө жардам бергенин айтты. Ага Кылмыш кодексинин 296-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, маңзаттарын мыйзамсыз даярдоо, кайра иштетүү, алуу, сактоо боюнча айып тагылууда. Ал өзүнө коюлган айыптарды четке кагып келет.

Укук коргоо органдарынын маалыматы боюнча, баңгизаттары былтыр декабрда Козлованын батирин тинтүү учурунда табылган. Текшерүү Nakanune.kz сайтына жалган маалымат жарыяланган деген иштин алкагында жүргүзүлгөн. Кийинки соттук отурум 18-февралга белгиленди.

XS
SM
MD
LG