Ссылки доступа

Өзбекстанда ырчыларга көзөмөл күчөтүлөт


«Өзбекнаво” эстрадалык бирикмеси социалдык желелерде Тамила аттуу белгилүү ырчыны колдогон жергиликтүү артисттерди сынга алды.

Уюмдун лицензия берүү бөлүмүнүн башчысы Одил Абдукаххоровдун пикиринде, интернетке чыккан уятсыз видеодон кийин жаш ырчылар Лола Юлдашева жана Азиза Низамованын Instagramе баракчасында Тамиланы колдогону туура эмес. Мындан улам артисттердин адеп-ахлагы боюнча атайын чаралар көрүлөрүн белгиледи.

“Тамиланы тартипке чакыргандын ордуна алар аны колдоп чыгышты. Жакында “Өзбекнаво” жыйын өткөрөт, ага бардык артисттер чакырылды. Биз мындай ыймансыздыкка мындан ары жол бербейбиз”, - деп айтты Одил Абдукаххоров.

Өткөн айда Тамилага түспөлдөш аялдын жылаңач денеси тартылган видеолор интернетке тарап кеткен эле. Буга байланыштуу ырчы 6-февралда видеокайрылуу жасап, чуулгандуу видеого тиешеси жоктугун белгилеп, өзүнүн Казакстанга жер которгону тууралуу маалыматты төгүндөгөн.

“Өзбекнаво” бирикмеси эстрада ырчылары, бийчи, алып баруучу, дижей, артисттерге лицензия берет. Анын уруксаты менен иштегендердин саны 2751ге жеткен.

XS
SM
MD
LG