Ссылки доступа

Өзбекстанда жарандар темир-тезек издеп кыйналууда


Каракалпакстандын Амударыя районундагы кесиптик-техникалык коллежинин окуучуларына 10 күндүн ичинде 30 килограммдан темир-тезек чогултуу талабы коюлууда.

Буйрукту аткарбагандар 10 миң сум айып пулга жыгылат.

Окуу жайдын башкармалыгы темир-тезекти бербегендер өндүрүштүк тажрыйба алмашууга киргизилбей турганын айткан. 400дөн ашуун студенттен металлды кайдан болсо дагы таап келүү талап кылынып жатканы белгилүү болду. Анткен менен студенттер темирдин калдыктардын кай жактан табууну билбей убара тартышууда.

Район башкармалыгынын атын атабаган өкүлү мындай талап мектеп окуучуларына да жүктөлгөнүн билдирди. Анын айтуусунда, аймакта керексиз темир-тезек калган жок, бирок аким аны жер түбүнөн болсо дагы таап келүүнү тапшырган.

Өзбекстанда мектеп окуучуларын жана студенттерди темир, жараксыз кагаздарды жыйноого, өкмөттүк басылмаларга жазылууга мажбурлоо көп жылдан бери көндүм адатка айланган.

Бул багыттагы өкмөттүн токтомун аткаруу мектеп, коллеж, лицейлердин мугалимдери, анда билим алгандарга, дарыгерлердин моюнуна жүктөлгөн. Ал тургай балдары бала бакчага барган ата-энелер да темир топтоп, өткөрүүгө милдеттүү.

XS
SM
MD
LG