Ссылки доступа

Жогорку Рада Яценюк баштаган өкмөттү кетире албады


Украин парламентинде премьер-министр Арсений Яценюктун өкмөтүнө ишеним көрсөтпөө маселеси шейшембиде депутаттар арасында жетиштүү добуш топтой алган жок.

Өкмөткө ишеним көрсөтпөө резолюциясына 194 депутат макул болуп, 32 добуш жетпей калды. Ал кабыл алынышы үчүн кеминде 226 добуш болушу керек эле. Жогорку Радада жалпысынан 450 депутат бар.

Мунун алдында президент Петро Порошенко өкмөт башчы Арсений Яценюк менен башкы прокурор Виктор Шокинди элдин бийликке ишенимин калыбына келтирүү үчүн кызматтан кетип калууга чакырган. Өлкө башчынын расмий сайтында жарыяланган кайрылууда азыр өкмөттү толук жаңылоо талашсыз болуп турганы белгиленген. Бирок 16-февралда кечинде парламентте соңку бир жылдагы өкмөттүн ишмердиги боюнча отчет берген премьер-министр президенттин бул сөзүнө эч кандай реакция жасабаганы айтылууда.

Шейшембиде Жогорку Радада өкмөт башчыга ишеним көрсөтпөө үчүн кол топтоо башталганы кабарланган. Бир күн мурун "Петро Порошенконун блогу" фракциясы өкмөттүн ишин канааттандырарлык эмес деп тапкан. Бирок "Элдик фронт" фракциясы өкмөттү колдогон.

Ага чейин премьер-министр Арсений Яценюк өкмөт "бир команда" катары иштөөгө тийиштигин, эгер парламент колдобосо кызматтан кетиши керектигин билдирген.

Ал арада башкы прокурор Виктор Шокин президент Петро Порошенконун сөзүнөн кийин кызматтан кетүүгө арыз жазды.

XS
SM
MD
LG